Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Орусияда кармалган америкалык аскердин соту башталды


Гордон Блэк.
Гордон Блэк.

Орусияда бүгүн 6-июнда эки кылмышка шектелип кармалган америкалык аскер кызматкеринин соту башталды. АКШ армиясынын штаб-сержанты Гордон Блэк май айынын башында Алыскы Чыгыштагы Владивосток шаарында кармалган.

Владивостоктун Биринчи Май райондук сотунда бүгүн америкалык аскерге каршы арызданган орус жараны Александра Ващук жана бир күбө көрсөтмө беришти.

Ващук Блэкти түрмөгө камабоону суранып, ал психиатриялык жардамга муктаж экенин айтты.

"Ал жөн эле бактысыз адам. Аны камоонун кереги жок. Ал дарылоого муктаж… Өз мамлекети анын абалын билсе да ошондой дарылоо көрсөткөн эмес. Ооба, ал кылмыш кылды, бирок ал түрмөгө камай тургандай коркунучтуу иш кылган жок», - деди Ващук.

Кийинки соттук отурум 17-июнга белгиленди. Эгер коюлуп жаткан айыптар сотто колдоо тапса, 34 жаштагы Блэк жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Блэк кармалгандан бир нече аптадан кийин апрель айында орус бийлиги АКШнын дагы бир жараны, Уильям Рассел Никам аттуу киши мас абалындагы «майда ээнбаштык» деген айып боюнча кармалганын, ал Москвада тергөө абагында отурганын билдирген.

Бул эки окуя Москва менен Вашингтон ортосунда Украинадагы согушка жана эл аралык коопсуздукка байланыштуу башка да маселелердеги пикир келишпестик курчуп турган шартта Орусия айырбаштоо үчүн туткун топтоо максатында америкалыктарды кармап жатышы ыктымал деген жоромол жаратууда.

Алгач уурулук боюнча кармалган аскерге кийин «өлтүрөм деп коркуткан» деген айып тагылганын 27-майда «Коммерсант» жана ТАСС билдирген. Алардын маалыматына караганда, Приморье крайынын прокуратурасы Блэкке Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде айып тагып, ишти сотко жөнөткөн.

Алгач ага «олуттуу зыян келтирген уурулук» деген айып тагылган. Буга Владивосток шаарынын тургуну, америкалык жаран конокко барган 32 жаштагы Александра Ващук аттуу келиндин «акча каражаты» жоголгону себеп болгонун тергөө билдирген.

Блэк ал аял полицияга 10 миң рубли жоголгону тууралуу арыз жазгандан кийин кармалган.

Экинчи айып дагы Ващуктун арызынын негизинде коюлган. «Коммерсант» жазгандай, аял үйүндөгү уруш учурунда Блэк аны колкодон алганын, муну ал «өмүрүнө олуттуу коркунуч» катары кабыл алганын жазган.

Блэк кармалганын алгач NBC News телеканалы кабарлап, аны жетекчилиги Түштүк Кореяга иш боюнча жөнөткөнүн, сапары аяктагандан кийин АКШга кайтышы керек болгонун, бирок кайтар алдында "романтикалык мамиледе" болгон аялга кезигиш үчүн Владивостокко барганын жазган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгү америкалыктын кармалышын «күнүмдүк жашоодо боло жүрчү криминал» деп мүнөздөп, тыңчылык менен байланыш жок экенин билдирген.

Блэк Москва менен Вашингтон ортосунда мамиле чыңалып турган учурда Орусияда ар кандай себеп менен кармалган америкалык жарандардын тизмесин толуктады. Алардын арасында тергөө абагында отурган журналисттер – «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашева, The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович, 16 жылга эркинен ажыратылган жаран Пол Уилан бар.

2023-жылдын сентябрында АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарды Орусияга баруудан карманууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG