Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев 31-июлга чейин үй камагына чыгарылды.
Мындай токтомду Ош шаардык соту 6-июнда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. Алар Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго байланыштуу кармалганы кабарланган.
Ош шаардык мэриясы жана Шумкар Пайзиев менен Улан Олжобаев козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (DSh/BTo)
Дагы караңыз
Футбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыктыИранда бийликти сындаган активист камакка алындыОрусияда кармалган америкалык аскердин соту башталдыКазакстанда "Азаттыкты" колдогон журналисттин апелляциялык арызы четке кагылды6-июнь: “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Газада 30дай киши мерт болгону кабарланды