Ош шаарында мончонун суу казаны жарылып, жети адам жаракат алды

Кырсык болгон “Байкөл” мончосу. 5-июнь, 2024-жыл.

5-июнда Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан жеке менчик “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып (котел) өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, андан жети адам жабыркап “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Мончодон чыккан өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.

Кырсыктын себеби жана жаракат алгандардын абалы айтыла элек. (BTo)

Дагы караңыз

Асаналиев прокуратурага тергөө укугу керек экенин айтты УКМК казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге издөө жарыяладыЖетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдүЖогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин жактырдыМасалиев башкы прокурор кызматына талапкер Асаналиевди куугунтуктар тууралуу айтып турууга чакырды УКМК мыйзамсыз иштеп жүргөн 16 чет элдик жаран кармалганын билдирди