Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

УКМК мыйзамсыз иштеп жүргөн 16 чет элдик жаран кармалганын билдирди


Кыргызстанда иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 3-июнда Кыргызстанда жүрүү мөөнөтү аяктап, ар кандай ишкердик чөйрөсүндө мыйзамсыз эмгектенип жаткан 16 чет элдик жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, милиция кызматкерлери кармалгандарга жана аларды Кыргызстанга чакырган тарапка чара көрөт.

Атайын кызмат Ички иштер министрлиги менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн “Нелегал-2024” аталышында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп жатат. Мунун алкагында буга чейин да бир катар чет элдик жарандар өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн жана эмгектенген деген жүйө менен кармалганы маалымдалган.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганын 27-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирген. Ушул эле жыйында ИИМ мыйзамсыз миграция үчүн салынчу айыптын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени белгилүү болгон.

13-18-май күндөрүнүн аралыгында Бишкек шаарында чет элдик жарандардын сабалганы боюнча окуядан кийин Кыргызстанда мыйзамсыз миграция маселеси көп талкууланып, парламентте да бир нече ирет көтөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG