Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

УКМК казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге издөө жарыялады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланышы бар деген шек менен казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге издөө жарыяланганын кабарлады.

Атайын кызматтын “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, тергөөдө “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобуна кирген “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун Казакстандагы чоң ишкерлердин бири - Владимир Жуманбаев каржылап турганы аныкталган.

Мекеме Владимир Жуманбаев Камчы Көлбаев “Адам өлтүрүү”, “Адам уурдоо” жана “Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгонун билип туруп Кыргызстанда андан колдоо алуу жана бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзгөнүн кошумчалады.

“Тагыраагы, Владимир Жуманбаев Кыргызстандын аймагында алтын казып алуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу менен алектенген "В.Г.К" ЖЧКсынын ээси болуп, 2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары Камчы Көлбаевге ай сайын 1 млн сомдон которуп турушкан. Ошол эле учурда Владимир Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Барс” эс алуу борборунун аймагында Камчы Көлбаев менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген”, – деп айтылат маалыматта.

Бул фактылардын негизинде козголгон иш боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Владимир Жуманбаевди сыртынан камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандаган. Ага мамлекеттер аралык жана “Интерпол” улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG