Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Масалиев башкы прокурор кызматына талапкер Асаналиевди куугунтуктар тууралуу айтып турууга чакырды


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев соңку учурда Кыргызстанда саясий куугунтук болуп жатканын, айткан пикири, социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылгандар болуп жатканын парламенттин 5-июндагы жыйынында билдирди. Депутат башкы прокурордун кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан Максат Асаналиевге кайрылып, кызматка киришкен учурда мындай көрүнүштөргө үн катып турууну сунуштады.

“Айтылган сөз үчүн жарандар жоопко тартылып жатат. Фейсбукка жазган эки сөз үчүн жоопко тартылып жатат. Ушул нерсени токтотушубуз керек. Аябай бийик кызматка баратасыз. Барганда ушул маселе боюнча пикириңизди билдирип, керек болсо, жетекчилерге, президентке, өкмөттүн башчысына, баарына түшүндүрмө беришиңиз керек”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында Максат Асаналиевдин башкы прокурордун кызмат ордуна талапкерлигин карап жатат. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган. Мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев 3-июнда өз арызы менен кызматын тапшырганы маалым болгон.

Кыргызстанда социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылгандар көбөйгөнү айтылып, жарандык жана эл аралык уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндигине камтамалыгын билдирген билдирүүлөрдү жасаган. Кыргыз бийлиги муну четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги корголо турганын белгилеп, "жоопкерчилик болушу керектигин" кайталап келет.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG