Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Асаналиев прокуратурага тергөө укугу керек экенин айтты


Maksat Asanaliev - Максат Асаналиев.
Maksat Asanaliev - Максат Асаналиев.

Башкы прокурордун кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан учурда Максат Асаналиев көзөмөл органынан тергөө милдетинин алынганы боюнча пикирин билдирип, мындай чечим ал үчүн “өкүнүчтүү болгонун” белгиледи. Бул тууралуу ал 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Мен 15 жыл тергөөчү болуп иштегенден кийин мага тергөө функциясын алып койгону өкүнүчтүү болду. Балким, ошол эмоция менен айткандырмын. Бирок бүгүнкү күндө прокурорлук көзөмөлдү күчөтүү үчүн прокуратура органдарына тергөө функциясы абадай керек деп ойлойм. Тилекке каршы, сиздер мыйзамды кабыл алып бердиңиздер. Азыр ошол мыйзамдын негизинде иш алып барып жатабыз”, - деди Асаналиев.

Президент Садыр Жапаров былтыр 26-июлда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып, аны Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берүү мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, прокуратура органдары буга чейин тергеп жаткан иштер ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилген.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында президенттин сунушу менен башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG