Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян 11-июнга дайындалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны камакка алган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG