АКШда ок атышуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алды

Иллюстративдик сүрөт.

АКШнын Огайо штатында 2-июнга караган түнү болгон ок атуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алды.

Ок атышуу Огайо штатынын Акрон шаарында болгон. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерден ондогон гилзалар жана курал табылган. Кармалгандар жана шектүүлөр тууралуу маалымат жок.

Акрон полициясы жаракат алгандардын айрымдарынын абалы оор экенин билдирди. Атышуунун себептери жана кол салгандардын тек-жайы тууралуу да азырынча эч нерсе айтыла элек.

АКШда курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүү боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатат. Былтыр эле өлкөдө адам өлүмү менен аяктаган кыркка жакын ок атышуу окуялары катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алдыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар кайрадан акцияга чогулууда Белгороддо снаряд жарылып, жергиликтүү аткаминер каза болдуЧүйдө телефонист токко урунуп каза болду Иран: Ахмадинежад президенттик шайлоого катышууга арыз бердиСот Коргонбай уулун министр тууралуу айткандарын төгүндөөгө милдеттендирди