Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар кайрадан акцияга чогулууда


Тбилиси. 2024-жылдын 28-майы.
Тбилиси. 2024-жылдын 28-майы.

Грузияда жакында эле кабыл алынган “чет элдик агенттер” мыйзамына каршы чыккан активисттер 2-июнда Тбилисинин борборунда митинг өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.

Маалыматка караганда, активисттер өлкөнү Евробиримдикке кирүүсүн токтотуп, АКШ менен мамилесин начарлатууга коркунуч туудурган мыйзамга нааразычылыгын билдиришет.

Уюштуруучулар 2-июнга пландалган "Грузин музыканттары европалык келечек үчүн" деп аталган концерттин негизги максаты - буга чейин акцияларда камакка алынган адамдарга каражат чогултуу.

Тбилисиде жана өлкөнүн башка жерлеринде нааразылык акциялары бир нече жумага созулганына карабай, грузин парламенти 14-майда “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды жактырган.

Өткөн жылдын мартында катуу каршылыктан улам документти кабыл алуу жараяны токтоп калган. Быйыл документ дээрлик өзгөртүүсүз кайра сунуш кылынды. Бирок “чет өлкөлүк агент” термини “башка мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөгөн уюм” деп алмаштырылган.

“Грузин кыялы” партиясы башкарган өкмөт мыйзам бейөкмөт уюмдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыздоону жана “тышкы таасирдт” алдын алууну максат кыларын айтып келет.

Еврошаркет мыйзамды кабыл алуу Грузиянын уюмга интеграциялашуусуна таасир этерин эскерткен. Вашингтон дагы документтин жактырылышына каршылыгын айтып келди.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 18-майда мыйзамга вето койгону менен, башкаруудагы партия парламентте көпчүлүккө ээ болгондуктан, 28-майда аны жокко чыгара алды.

Бийлик нааразылык акцияларын суу бүркүп, жаш агызган газ жана желим ок менен басып, катышуучулардын айрымдарын камакка алган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG