Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Белгороддо снаряд жарылып, жергиликтүү аткаминер каза болду


 Белгород
Белгород

"Свобода радиосу" жекшембиге караган түнү Орусиянын Белгород облусу кайрадан аткылоого кабылганын, Шебекино шаарында алты жай тургун жараат алганын жазды.

Бийлик Шебекино шаарында алты карапайым тургун жараат алганын, аткылоо маалында алардын бешөө автобуста, алтынчы киши көчөдө бара жатканын, баары бейтапканага жеткирилгенин жарыялады.

Маалыматка караганда, Корочанский районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарылбай калган снарядды текшерип жаткан учурда ал жарылып кетип, райондук администрация башчысынын орун басары Игорь Нечипоренко каза болгон. Райондун жетекчиси, эки кыштактын башчысы жеңил жараат алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Курск жана Белгород облустарынын үстүндө абадан коргонуу системалары үч дронду жок кылганын билдирди.

Дагы бир учкучсуз учак Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

  • Орусиянын Украина менен чектеш аймактары, айрыкча Белгород облусу акыркы айларда дээрлик күн сайын аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына кабылып келет. Орус тарап алар үчүн Украинаны айыптайт. Украин тарап бул тууралуу комментарий бере элек. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG