Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Сот Коргонбай уулун министр тууралуу айткандарын төгүндөөгө милдеттендирди


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айткандарын төгүндөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу министрдин адвокаты Кайсын Абакиров "Азаттыкка" ырастады. Ошондой эле соттун чечимине ылайык, экс-депутат министрге моралдык чыгым катары 10 миң сом төлөп бериши керек. Сот бул ишти 31-майда карап, чечим чыгарган.

Коргонбай уулу бул иш боюнча кийинки инстанцияга кайрылабы, жокпу белгисиз. Ал соттун чечимине байланыштуу комментарий бере элек.

Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыра электе парламентте саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.

Бейшеналиев коюлган дооматтын баарын четке кагып, “ар- намысыма шек келтирди” деген негиз менен Жусупбек Коргонбай уулун сотко берген.

Жусупбек Коргонбай уулу кийин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Кийинчерээк маекке “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал да тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулгандуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG