Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Иран: Ахмадинежад президенттик шайлоого катышууга арыз берди


Махмуд Ахмадинежад
Махмуд Ахмадинежад

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Ахмадинежад шайлоого катышуу ниетин 1-июнда жарыялады, ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары 2-июнда 67 жаштагы ультраконсерватор саясатчы талапкер катары катталганын кабарлады.

Ахмадинежад Иранды эки мөөнөт катары менен 2005-2013-жылдары башкарган. Ал учурда расмий Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен мамилеси өтө начарлаган. 2009-жылы Ахмадинежад экинчи жолу президенттикке шайланган учурда Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан бери эң ири нааразылык акциялары өткөн.

Саясатчы 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок ага уруксат берилген эмес.

Президент болуп келгенге чейин ал Ардебил провинциясынын губернатору жана Тегерандын мэри болуп иштеген.

Ахмединежад мамлекет башчысы болуп турганда Орусия жана араб дүйнөсү менен алаканы бекемдөөнү жактап, АКШ администрациясын катуу сындап, Израилге каршы катаал билдирүүлөрдү жасаган.

Ахмадинежаддын тушунда Ирандын өзөктүк программасын өнүктүрүү тездеди деп эсептелинет.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.

20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG