Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Чүйдө телефонист токко урунуп каза болду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Чүйдүн Дөң-Арык айылында токко урунуп каза болгон жаран мекеменин кызматкери деген маалыматтарды четке какты.

Министрликтин билдирүүсүндө, 58 жаштагы киши АТСтин телефонисти болгон, телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунуп алган. Окуя 31-майда болгон.

Буга чейин Дөң-Арыктагы Телекомдун мамысында буту менен илинип калган киши тартылган видео интернетте тараган. Ал электр ишканасынын кызматкери экени айтылган. Анын жакындары, Чүй районундагы бул айылдын башчылары комментарий бере элек.

Энергетика министрлиги бул окуядан кийин тараткан маалыматында өз алдынча электр жабдууларында иш алып баруу кооптуу экенин эскертти. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG