Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү

Жылуулук батареялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тарифти көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды.

Министрлик мындан ары калк үчүн жылуулук энергиясын колдонуу ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен эсептелерин билдирет.

Соңку бир жылдан бери жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1248 сомдон болчу. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория (Гкал) үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр буга чейин жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 2052 сомдон төлөп келсе, алар да мындан ары анын өздүк наркы менен төлөй турган болду.

Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн калк буга чейин 1120 сомдон төлөп келсе июндан баштап 1560 сомдон төлөйт. Калган категориядагы керектөөчүлөрдүн баары ысык суунун өздүк наркы менен акысын бериши керек.

Энергетика министрлиги өз маалыматында жылуулук энергиясынын жана өздүк наркы канча болорун тактаган эмес. Мекеме жылуулук менен камсыздоочу уюм өздүк наркты эсеп-дүмүрчөктөрдө өзүнчө сап менен көрсөтүп турарын билдирет.

Жылуулукка жана ысык сууга болгон тариф соңку ирет 2023-жылдын июнь айында көтөрүлгөн. Өкмөт 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын билдирүүдө.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланып келди.

Оңдоо иштери үчүн ысык суу берүү жыл сайын бир айга токтотулуп келсе, ЖЭБ аварияга кабылгандан улам быйыл ысык суу берүү 22-апрелден тарта – дээрлик 40 күнгө токтотулган. Ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт. (ErN)

Дагы караңыз

Ажылык – 2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан учтуКазакстандагы жер титирөө Бишкекте да сезилди“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды Бишкек ЖЭБи жана шаардагы түтүктөр оңдоодон өтүп, ысык суу берүүгө даяр болдуҮч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктадыСловения өкмөтү Палестинанын эгемендигин тааный турганын жарыя кылды