Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Үч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады


 Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

30-майда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-майда кабарлады.

Жалпы 44 жаран арыз берген. №5 Ноокат округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 1 аял, №36 Ысык-Көл округу боюнча 20 талапкер жана №29 Свердлов округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 2 аял.

Талапкерлер 2-июнь кечке чейин документтерин тапшырышы керек. БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 10-июнга чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт. 10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, 29-июнь, таңкы саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Муртазалиев БШКнын чечимине каршы сотко даттанган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG