Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Бишкек ЖЭБи жана шаардагы түтүктөр оңдоодон өтүп, ысык суу берүүгө даяр болду


Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору (ЖЭБ) мэрия өз буйрутмасы менен белгилеген мөөнөттө калаанын тургундарын ысык суу менен кайрадан камсыз кылууга даяр болду. Бул тууралуу 31-майда ЖЭБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жылуулук түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Бишкекте ысык суу берүү жыл сайын бир айлык мөөнөткө токтотулуп келчү. ЖЭБ аварияга кабылгандан улам быйыл ысык суу берүү 22-апрелден тарта – дээрлик 40 күнгө токтотулган.

Бул аралыкта бери керектөөчүлөргө берилүүчу ысык сууну жылытуучу жана сордурууучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктер оңдолду, калаа ичиндеги түтүктөрдөгү жылчыктар жоюлду, буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материалдар алмаштырылды, түтүктөрдүн мөөнөтү өтүп, жараксыз абалга келген жерлер жылчыксыздыгын (герметика) жоготкон жапкычтар алмаштырылды. Ошондой эле станциянын жылуулук тармактарынын бурамалары оңдолуп, оңдоо иштеринин сапатын тастыктаган гидравликалык сыноо жүргүзүлдү.

Ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт. "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы кабарлагандай, ысык суу алгач оорукана, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Мекеме ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга мүмкүн экенин маалымдады.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланып келди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG