Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды


Актилек Капаров жана анын ЖМКларга жазган каты.
Актилек Капаров жана анын ЖМКларга жазган каты.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму (Reporters Without Borders – RSF) Кыргызстандын бийлигин беш айдан бери камакта жаткан журналист Актилек Капаровду жана аны менен чогуу кармалган Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды. Уюм өзүнүн кайрылуусун Х социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

Тергөө абагында отурган журналист журналист Актилек Капаров 30-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалымат берген. Ал камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди.

Капаров өз катында: “Мени токтоосуз түрдө тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам!”, – деп жазган.

Мунун артынан Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) маалымат таратып, Капаров абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Мекеме айыпталуучу 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилеп салганын билдирип, анын билектеринин арт жагы тилинген сүрөттөрдү жарыялаган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда сот “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.

Кийинчерээк түрдүү себептер менен жети журналист үй камагына чыгарылган. Ушул тапта төртөө –“Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

11 журналисттин бөгөт чаралары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келди. Алардын ишин 28-майда Ленин райондук сотуна өткөн.

17-январда камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков. (ErN)

XS
SM
MD
LG