Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:12

Словения өкмөтү Палестинанын эгемендигин тааный турганын жарыя кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Словения өкмөтү Палестинанын мамлекет катары көз каранды эместигин жана суверенитетин тааный турганын бүгүн 30-майда жарыялады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө эми өкмөттүн чечимин парламент – Улуттук ассамблея бекитиши керек экени, бул маселе жакынкы арада карала турганы белгиленди.

Тышкы иштер министри Таня Файон "Словения өкмөтү ушундай тарыхый кадам жасаганына кубанычтамын. Израилдиктер жана палестиналыктар балдарын тынчтыкта, коопсуздукта жана гүлдөп өнүгүүдө тарбиялап өстүрүүгө укуктуу. Палестинаны таануу – бул эки өлкөнүн жана элдин тынчтыкта жашоосунун жалгыз жолу", - деп билдирди.

28-майда Испания, Ирландия жана Норвегия да Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааный баштаган.

Израил муну ХАМАСка жасалган «белек» деп сындаган.

Израил сегиз айдан бери Палестин автономиясына караштуу Газа секторунда аскердик операция жүргүзүүдө. Бул операциясы 2023-жылдын 7-октябрында кол салган, 1200дөй кишинин өмүрүн алган, дагы 250дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен, сексуалдык жана башка зомбулук көрсөткөн ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы экенин билдирүүдө.

Палестинанын мамлекет катары көз каранды эместиги тууралуу маселе «эки эл үчүн эки мамлекет» деген, палестиналык арабдардын Израил сыяктуу эле мамлекетин түзүү тууралуу концепцияга байланыштуу. Бул концепция 1967-жылдагы Алты күндүк согуштан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде 242 резолюциясы болуп түзүлгөн. Бирок Израилде да, палестиналык саясий күчтөр арасында да бул маселеде пикир бир кылка болгон эмес. Израилдик саясатчылар эгемен Палестина мамлекети аларга тынбай кол салуу үчүн база болуп калат деп кооптонушат, ал эми көптөгөн палестиналык радикал күчтөр жөөт мамлекети деген түшүнүктүн өзү болбошу керек деп эсептешет.

Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз каранды эместигин Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт.

Жалпысынан БУУга мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон. "Эки мамлекетти түзүү - палестин жана израил калктарынын коопсуздугун узак мөөнөткө камсыздоонун жалгыз жолу экени айдан ачык",- деп билдирген ал.

2012-жылдан бери Палестина БУУда байкоочу мамлекет макамына ээ. Быйыл 10-майда уюмдун Башкы Ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтүү тууралуу добуш берген.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан ашуун убактан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG