Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Ажылык – 2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан учту


Ош шаарынан Сауд Арабиясына учкан зыяратчылар. 31-май, 2024-жыл.
Ош шаарынан Сауд Арабиясына учкан зыяратчылар. 31-май, 2024-жыл.

Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу 31-майдын таңында Ош эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, муфтий Абдулазиз Закиров баштаган дин башкармалыктын кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана башка дин ишмерлери катышты.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 (үч миң жети жүз элүү) АКШ доллар деп бекиген.

2023-жылы кыргызстандыктар үчүн 6110 кишилик квота берилип, ажылык зыяраттын акысы 3900 доллар болгон.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG