Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду

Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы 13025 кыргызстандык жана 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Азаттыктын” суроо-талабына жооп берген катында маалымдады.

ТИМ апрелдеги маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөнүн билдирген. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген.

Чет жакка иштегени чыккандардын айрымдары атайын консулдук каттоодон өтпөгөндүктөн, эксперттер иш жүзүндөгү сан расмий көрсөткүчтөрдөн айырмаланарын белгилешүүдө.

Расмий маалыматтарга таянсак, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин саны 1,5 жылда дээрлик 200 миңге жакын азайган.

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын саны да бир жылда 175 миңдей кыскарганын тактаган. 2022-жылы Орусияда миграциялык каттоодо турган жарандардын саны 587 миңден ашса, 2024-жылдын биринчи кварталында 411 миңге кыскарган. (2023-жылдын алты айында 408 448 болгон).

Быйыл мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда катталган кол салуудан кийин борборазиялык мигранттарды текшерүү күч алды. Айрымдары Орусияга киргизилбей, аэропорттон эле артка кайтарылып жатат. Айрыкча Тажикстандын жүздөгөн жарандары чек арадан ары өткөрүлбөй калган. Орусиянын аймагында иштеп жаткан тажик мигранттарын текшерүү жана кармоо да күчөгөн. (ErN/КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте 39 аялдама ижара үчүн аукционго коюлдуАктилек Капаров өзүн камактан чыгарууну талап кылып, тергөө абагында колун кескилеп жатканын жаздыАктивисттер уран казууга жана АЭС курууга каршы кайрылуу жасаштыБишкекте мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 264 миң сом айып пул салындыКыргызстанда беш жылда 100 миңден ашык адамга пробациялык жаза чегерилдиДепутат реформанын алкагында шаарларга кошулган айылдарда жайытка байланыштуу нааразылык бар экенин айтты