Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Депутат реформанын алкагында шаарларга кошулган айылдарда жайытка байланыштуу нааразылык бар экенин айтты


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков аймактык-территориалдык реформанын алкагында Бишкек, Ош жана башка шаарларга кошулуп жаткан айыл аймактардын жайыттары башка айыл аймактарга берилип жатканын айтып, бул боюнча жергиликтүү калктын арасында нааразылыктар бар экенин айтты. Бул тууралуу пикирин ал парламенттин 30-майдагы отурумунда айтты.

Эл өкүлү бул маселе жергиликтүү тургундар үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгилеп, ага даттанып жаткандар көп экенин билдирди. Ал ошол эле маалда айыл аймактардын аталыштарын атаган жок.

Буга чейин ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулууда.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG