Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Кыргызстанда беш жылда 100 миңден ашык адамга пробациялык жаза чегерилди


Пробациялык жаза чегерилген жарандар. Пробация департаменти тараткан сүрөт.
Пробациялык жаза чегерилген жарандар. Пробация департаменти тараткан сүрөт.

“Пробация жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген беш жарым жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 105 556 адам адамга пробациялык жаза чегерилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 15 305, 2020-жылы 17 797, 2021-жылы 19 726, 2022-жылы 24 920, 2023-жылы 22 329 адамга жазанын аталган түрү колдонулган. 2024-жылдын башынан бери 5479 киши ушул форма менен жазасын өтөп жатат.

Молдокул уулунун билдиришинче пробация жазасынын төрт түрү бар. Алар: сотко чейинки пробация, аткаруу пробациясы, пенитенциардык пробация жана пенитенциардан кийинки пробация. Пробация департаментинин башчысынын орун басары келтирилген статистикаларды жазанын аталган түрлөрүнө карата бөлүп көрсөткөн жок.

Буга чейин жер талаштан улам Таластын тургуну 24-майга караган түнү өч алуу үчүн инисинин үйүнө барып, анын аялын жана эки баласын өлтүрүп салган окуя коомчулукта чуу жараткан. Аны тергөө маалында кылмышка шектүү, 48 жаштагы К.Н. мурда да адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып, 8 жылга соттолгону, быйыл март айында пробация менен абактан чыкканы маалым болгон.

Мындан кийин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыкаачылык менен коштолгон бул кылмышты айыптаган билдирүү таратып, тиешелүү органдарды зордук-зомбулукка айыпталган адамдарга пробациялык жаза чегербөөгө чакырган.

Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу алар аткаруу органы болгондуктан бул жана башка айыптоолорду түздөн-түз комментарийлей албай турганын, ошол эле маалда айтылган маселелер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталса колдой турганын айтты.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, жазага тартылган кишилер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG