Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Активисттер уран казууга жана АЭС курууга каршы кайрылуу жасашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар укук коргоочулар, окумуштуулар жана экологдор жалпы кыргыз элине кайрылуу жасап, Жогорку Кеңеш 29-майда биринчи окуудан кабыл алган уран казууга жол берген мыйзамга тынчсыздануусун билдиришти.

Кайрылуу ээлери чечим коомчулуктун катышуусуз, ачык коомдук талкууларсыз жана угууларсыз кабыл алынганын белгилешүүдө.

"Биз мамлекеттик милдеттүү экспертизадан тышкары көз карандысыз экологиялык экспертиза да жүргүзүлүүсүн талап кылабыз. Эмдигиче уран, торий кендерин иштетүү боюнча жүргүзүлгөн техникалык-экономикалык негиздемелердин жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыгы жок. Кыргызстанда кен иштетүүнүн айлана-чөйрөгө таасирин баалоо үчүн экологиялык экспертиза жүргүзүү тууралуу мыйзам жана жоболор бар. Ачыктык жок, "Кен байлыктар тууралуу" мыйзам талап кылгандай, көз карандысыз экспертиза, тийиштүү окумуштуулар жана эксперттердин, жергиликтүү элдин катышуусунда эч кандай коомдук талкуу жүргөн жок. Ар бир жаран өлкөбүздүн гүлдөп өнүккөнүн көрүүнү, ата-бабалардан калгандай таза боюнча балдарыбызга өткөрүп берүүнү кыялданабыз. Бирок мыйзамдардын сакталбаганынан улам биз мөңгүлөрүбүздү жана суубузду, кооз тоолорубузду, бай жаратылышка ээ экосистемабызды биротоло жоготуп алуу тобокелчилигинде турабыз. Суу ресурстарынын жана жайыттардын, кыртыштын булганышы – айлана-чөйрөнү гана эмес, андагы адамзаттын өмүрүн уулайт”, – деп жазылган кайрылууда.

Кайрылуу ээлери техникалык-экономикалык негиздемелердин жана кен иштетүүнүн айлана-чөйрөгө таасири тууралуу маалыматтарды берүүнү өтүнүп, экологияга жана адамдын ден соолугуна байланыштуу маалыматтар жабык болбошу керектигин, бул жарандардын конституциялык укугуна жатарын эскертишкен.

Ошондой эле көз карандысыз экологиялык экспертиза эл аралык стандарттардын негизинде, объективдүү жүргүзүлүшү зарылдыгы белгиленген.

"Кызыл-Омполдон 2 млрд долларга чейин киреше түшөт дешет, бирок эч кимиси талкаланып, кыйраган жерди калыбына келтирүүнүн баасы канча болорун айтышпайт. Изилденүүчү жердин аянты 43 миң гектарды ээлейт, ал жерде 12 кен бар. Эске алуучу нерсе – кен Ысык-Көл биосфералык аймагында, кен казууга тыюу салынган жерде жайгашкан", –деп белгиленген кайрылууда.

Кайрылуу ээлери совет мезгилинде казылган уран калдыктарынын жаратылышка, элдин саламаттыгына залакасы эчен жылдап тийип келе жатканын эскерткен.

Кайрылууда уран казуудан тышкары Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси көтөрүлүп жатканын, ал тууралуу да коомчулукка ачык маалымат берилбей жатканын белгилешкен.

"Орусиянын "Росатом" компаниясынын баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси бар экени тууралуу гана айтылганы менен, бул дагы коомчулукка ачык жарыяланган жок. Коомдук талкуулар жүргөн жок", – деп белгилеген эксперттер АЭСтен да өлкөнүн жаратылышы, экологиясы жабыркашын эскертишүүдө.

29-майда парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап, кабыл алды. Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG