Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 264 миң сом айып пул салынды


Рейд учурунда. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Рейд учурунда. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 64 мигрант аныкталып, аларга 264 миң сом айып пул салынды.

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери баш калаада экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы өткөргөн кезектеги рейд тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айыпка жыгылгандар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган эмес. Кармалгандарга каршы Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) менен 48 протокол түзүлгөн.

Кыргыз өкмөтү апрелде өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик эмгек мигранттарын аныктоо иштери күчөтүлгөнүн билдирген. Ички иштер министрлигинин рейддеринин алкагында буга чейин жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашуун чет элдик жарандын жумушу токтотулган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирген.

Министрлик ошол себептүү Кыргызстан да башка мамлекеттер сыяктуу чет элдиктердин өлкөгө келип иштешине уруксат берип жатканын, чет элдик жарандар тигүү, тейлөө жана башка багыттарда муктаждыкты канааттандырарын белгилеген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG