Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Актилек Капаров өзүн камактан чыгарууну талап кылып, тергөө абагында колун кескилеп жатканын жазды


Журналист Актилек Капаровдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жазган каты. Кат сүрөттүн негизинде графикага айлантылган.
Журналист Актилек Капаровдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жазган каты. Кат сүрөттүн негизинде графикага айлантылган.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров Кыргызстандагы он чакты жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды берди. “Азаттыкка” анын каты журналисттин кесиптештери аркылуу тийди.

Ал беш айдан бери камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди.

Капаров кылмыш иши Temirov Live жана “Айт, айт десе” каналдарына чыккан видеого байланыштуу козголгонун, ал өзү аталган редакцияда былтыртан бери иштебей турганын, аны коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да билерин тактайт. Ага карабай ал жана бул редакцияларда иштебеген башка журналисттердин кармалышын Актилек Капаров кесиптик иши менен байланыштырат.

“Мени түрмөгө отургузуу кимге пайда алып келет? Мени кеп болуп жаткан видеолорго байланыштуу куугунтукка алып жатышпаганына толук ишенем. Мени өзүмдүн журналисттик ишим үчүн, депутаттарды жана аткаминерлерди айып пул төлөөгө мажбурлаганым үчүн куугунтукка алып жатышат. Мени өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда. ”, – деп жазды ал.

Журналист мисал катары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, башка аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана башка темалар жөнүндө соңку иликтөөлөрүн келтирген.

“Мени токтоосуз түрдө №1 тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам! Temirov Live редакциясынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалышы боюнча фактыларды, ошондой эле кармалган акын Аскат Жетигендин кыйноого алынышын (аны электр тогу менен кыйнашкан) эске алуу менен менин өмүрүм жана коопсуздугум үчүн президент Садыр Жапаров күч кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана башкалар жеке жооп беришет”, – деп жазды Актилек Капаров.

№1 тергөө абагы караган Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жана аты аталган башка аткаминерлер журналисттин катына байланыштуу комментарий берише элек.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.

17-январда камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк түрдүү себептер менен жети журналист үй камагына чыгарылган. Ушул тапта төрт журналист: “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

11 журналисттин бөгөт чаралары Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келди. Алардын ишин 28-майда Ленин райондук сотуна берилди.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG