Бишкекте 39 аялдама ижара үчүн аукционго коюлду

“Бишкекбашкыархитектура” ишканасы иштеп чыккан жаңы аялдаманын эскизи.

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти атайын эскиз боюнча реконструкциялоо шарттары менен 39 аялдама комплексин ижарага берүү үчүн аукционго койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү эскиздерди “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы иштеп чыккан.

Мэрия быйыл февралда тараткан маалыматында, борбор калаанын коомдук транспорт токтоочу аялдамалары бир типте курула турганын билдирген. Анда айтылгандай, алардын көлөмүндө гана айырма болот. Аялдаманын узундугу 10-12 метр болот, чоң көчөлөргө жана проспектилерге көлөмдүүсү коюлат.

"Шаардыктардын жана шаар конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышкысын жылытуучу, жайкысын салкындатуучу кондиционерлер менен жабдылат. Ошондой эле анда коомдук транспорттун каттамы чийилген маалыматтык тактай орнотулат. Бардык аялдамалар акысыз интернет таратуучу Wi-Fi менен камсыздалат", - деп айтылган ошол маалда мэриянын басма сөз кызматы.

Бекитилген долбоор боюнча аялдама курууга кызыккандар мэриянын Муниципалдык мүлк департаментине кайрылып, буга чейин бир нече аялдама кеп болуп жаткан типте жасалган.

Бишкектеги аялдамалар талапка жооп бербесин, коомдук унаа күтүп турган адамдар жаан-чачында, ысык-суукта баш калкалоого мүмкүн эместигине буга чейин сын айтылып келген. (ErN)

Дагы караңыз

Актилек Капаров өзүн камактан чыгарууну талап кылып, тергөө абагында колун кескилеп жатканын жаздыАктивисттер уран казууга жана АЭС курууга каршы кайрылуу жасаштыБишкекте мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 264 миң сом айып пул салындыКыргызстанда беш жылда 100 миңден ашык адамга пробациялык жаза чегерилдиДепутат реформанын алкагында шаарларга кошулган айылдарда жайытка байланыштуу нааразылык бар экенин айтты