Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду

Рейд учурунда. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мопед, мотоцикл менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин ишин токтотту.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы тармактарда иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшерип, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандарга жалпы 1 млн 248 миң 500 сом айып салган.

ИИМ 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган. (BTo)

Дагы караңыз

Блинкен НАТО саммитинде Украина үчүн "олуттуу кадамдар" жасаларын айтты Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда Кемпир-Абад иши: Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын айтуудаСот Путинди сындаганы үчүн кесилген Кара-Мурзанын арызын четке какты Экологиялык көйгөй тууралуу балдар чыгармасы кыргызчаландыМинистр Ажыкеев июндун ортосуна чейин сел коркунучу сакталарын билдирдиДүйнөлүк саламаттык уюму Газада каза болгондордун санынан күмөн санабай турганын билдирди