Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Экологиялык көйгөй тууралуу балдар чыгармасы кыргызчаланды


Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби.
Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби.

Британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби кыргызчаланды.

Китепте экология көйгөйлөрү: таштанды, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн жана уюлдардагы муздардын эриши, бул аймактарды байырлаган жаныбарлардын жок болуу коркунучу чеберчилик менен жазылган.

“Акыркы аюу” - Ханна Голддун Түндүк уюл алкагынын катаал чөйрөсү тууралуу жазган укмуштуудай дебюту. Анда баш каарман Эйприл аттуу кичинекей кыз менен жапайы аюунун кыйышпас достугу сүрөттөлгөн.

“Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаевдин билдиришинче, чыгарма 11 жаштан жогору балдарга арналган. Аны кыргызчага Насыпбек Асанбаев которуп, Жетиген Асанбек редакциялаган.

Палеоэкологдордун акыркы изилдөөсүнө караганда, Антарктидадагы муздар 5,5 миң жылда болуп көрбөгөндөй тездик менен эрип жатат. Температуранын жогорулашы бул аймактагы жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жоголуп кетишине себепкер болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун астында түзүлгөн өкмөттөр аралык эксперттер тобу 2019-жылы жарыялаган изилдөөсүндө адамзаттын табиятка тийгизген таасиринен улам жакынкы он жылда миллиондой жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрү жоголуп кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Акыркы жылдары дүйнө коомчулугу экология темасын адабиятта жана журналистикада көбүрөөк чагылдырууга көңүл бурууда.

Табият менен адамдын байланышы тууралуу мисалдарды кыргыз элинин жомокторунан, эпостордон жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан кезиктирүүгө болот. (ST)

XS
SM
MD
LG