Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:36

Блинкен НАТО саммитинде Украина үчүн "олуттуу кадамдар" жасаларын айтты


Владимир Зеленский жана Энтони Блинкен.
Владимир Зеленский жана Энтони Блинкен.

АКШ Украинанын НАТОго мүчө болуусун камсыздоо үчүн «олуттуу кадамдарды» жасоого аракет кылат жана анын коопсуздугу менен эгемендигинин камсыз болушуна колдоосун көрсөтө берет. Бул тууралуу Киевге 14-майда эки күндүк сапар менен барган Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Украиналык студенттерге кайрылуусунда Блинкен АКШ Орусия кол салганга чейин да украин тарапта болгонун айтып, «Биз азыр да силер мененбиз, силер тарапта кала беребиз. Жалгыз эмессиңер» деп кошумчалады:

"Америка Кошмо Штаттары биринчи күндөн тартып силердин жаныңарда. Биз бүгүн силер мененбиз. Украинанын коопсуздугу, эгемендиги, өз жолун тандоо мүмкүнчүлүгү кепилденмейинче силер тарапта болобуз".

Украинанын коопсуздугун бекемдөө жана тийиштүү экономикалык инфраструктура түзүү өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүнө карай жолундагы негизги багыт экенин белгилеген мамкатчы:

«Июлда Вашингтондо саммит өткөргөндө НАТОнун туруктуу жана жөндөмдүү украин күчтөрүн түзүүдөгү ролун жогорулатуу үчүн Украинаны альянска интеграция кыла турган реформаларды колдоп, олуттуу кадамдарды жасайбыз», - деди.

Президент Владимир Зеленский жана башка жетекчилер менен жолугушуусунда Блинкен АКШнын 61 миллиард долларлык жардамы алкагындагы эң зарыл курал-жарак Украинага жеткирилгенин айтты.

Зеленский Украина Patriot абадан коргонуу системаларына өтө муктаж болуп жатканын, мындай зарылчылык соңку күндөрү Орусия чабуулдарын күчөткөн Харьков облусунда курч экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG