Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57

Кемпир-Абад иши: Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын айтууда


Айбек Бузурманкулов. Архив.
Айбек Бузурманкулов. Архив.

Таластын мурдагы губернатору, Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан Айбек Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын айтып арызданды. Бул тууралуу ал 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келген учурда билдирди.

“Жерге жаткырып алып кабыргага урушту. Ичиме жазылган Кемпир-Абад, ачык сот деген жазууну өчүрүштү. Убактылуу кармоочу жайдын начальниги күбө. Биз Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго арыз жазып койдук. Булар адамдын өмүрү, ден соолугун карабай калды. Ачык сот, Кемпир-Абад деген сөздөн коркуп атышат”, - деди сот залынан.

Жаза аткаруу кызматы бул окуя боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады.

Кемпир-Абад иши боюнча 15-майдагы соттук жараянда ден соолугуна байланыштуу Кеңешбек Дүйшөбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү берилди. Ал абалы начар болгондуктан сотко алынып келген жок. Соттук отурум саат 14:00дө уланат.

“Кемпирабадчылар” буга чейин да тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып арызданышкан. Жаза аткаруу кызматы алардын баарын четке кагып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG