Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Сот Путинди сындаганы үчүн кесилген Кара-Мурзанын арызын четке какты


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусиянын Жогорку соту камакта отурган оппозиционер саясатчы Владимир Кара-Мурзанын 25 жылдык абак мөөнөтүнө каршы апелляциялык арызын четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн, 14-майда кабарлашты.

Орусиянын Советтер Союзунан берки тарыхында Кремлди сындаган киши мынчалык узак мөөнөткө камалган эмес.

Мамлекетке чыккынчылык, армия тууралуу фейк жана «туура эмес» уюмда иштеген деген айыптар коюлган белгилүү тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалган, ал жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылы апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган.

Ал Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканын айткан.

Кийин ага башка да айыптар тагылган. 2023-жылы 17-апрелде саясатчы катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Өзү тагылган айыптардын баарын эч негизсиз деп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG