Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Дүйнөлүк саламаттык уюму Газада каза болгондордун санынан күмөн санабай турганын билдирди


Газа.
Газа.

Дүйнөлүк саламаттык уюму Газанын саламаттык сактоо мекемесинин жоготуулар боюнча маалыматынан күмөн санабай турганын 14-майда билдирди. Уюм белгилегендей, алардын маалыматы чыныгы көрсөткүчкө жакын.

Газанын саламаттык мекемесин ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Өткөн аптада ал былтыр 7-октябрдан бери Израилдин соккуларынан мерт кеткендер 35 миңге жеткенин, алардын 25 миңи боюнча маалымат такталганын, жарымынан көбү аялдар жана балдар экенин билдирген.

Израил палестиналык бийлик буга чейин Газада каза болгондордун 70% аялдар жана балдар деп жарыялаганын, демек, айырма болуп жаткандыктан, маалымат так эместигин айтып чыккан.

"Бул маалыматта эч кандай ката жок, каза болгондор 35 миңден ашуун деген сан ошондой эле", - деди уюмдун өкүлү Кристиан Линдмайер Женевада өткөн пресс-конференцияда.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип жатышат.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG