Ысык-Көлдө “Каркыра” комплексинин курулушу башталды

“Каркыра” комплексинин долбоору.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө жыл бою иштей турган “Каркыра” тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушунун биринчи этабы башталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ушул тапта курулуш аянтын жабдуу, анын ичинде техникалык жолдорду жана электр энергиясын жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Коттедждик шаарчаны курууга керектүү материалдар объектке жеткирилген. Долбоорду ишке ашыруунун планы жана концепциясы иштелип чыгып, комплексти куруу үчүн жер тилкелерин каттоо иштери жүргүзүлгөн.

“Каркыра” комплексинин долбоору.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, комплекс Ысык-Көл облусундагы мындай типтеги биринчи ири эс алуу борбору боло турганын айтты.

Долбоорду “Экогород Каркыра” ишканасы ишке ашырууда. Анын наркы 191 миллион доллардан ашык деп эсептелген. (BTo)

Дагы караңыз

"Сезим" кризистик борборуна Атыр Абдрахматова жетекчи болуп келдиГрузияда «чет элдик өкүл» мыйзамы комитетте үчүнчү окууда колдоо тапты, 20 митингчи кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктардан акча уурдагандар кармалды УКМК жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталганын билдирдиОрусияда кабат үйдүн бир бөлүгү ураган жерде каза болгондор 15ке жеттиКыргызстандан Орусияга автоунаа экспорту дээрлик токтодуЖыл башынан бери төрт миңден ашуун адам "Социалдык келишимге" арыз бердиКыргызстандык эки спортчуга Париж олимпиадасына жолдомо берилди Министр дары-дармек тартыштыгына байланыштуу түшүндүрмө бердиСирияда согушка катышкан деп шек саналган кыргызстандык Түркиядан кармалды