Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Грузияда «чет элдик өкүл» мыйзамы комитетте үчүнчү окууда колдоо тапты, 20 митингчи кармалды


Анри Оханашвили.
Анри Оханашвили.

Грузияда «чет элдик өкүл» мыйзам долбоору парламенттин юридика комитетинде бүгүн 13-майда үчүнчү окууда да колдоо тапты. «Азаттыктын» грузин кызматы билдиргендей, депутаттардын маселени карап, добуш беришине 67 секундалык убакыт гана кетти.

Парламенттин имаратына киргизилбей жаткан оппозиционер депутаттар комитеттин отурумуна катышууга үлгүрбөй калышты.

Комитеттин төрагасы Анри Оханашвили үчүнчү окууда адатта редакциялык гана оңдоп-түзөө болорун, башкаруучу партиянын депутаттарынан бүгүнкү отурумда эч кандай сунуш же суроо түшпөгөнүн айтты.

Мыйзамга каршылыгын билдирип келе жаткан демонстранттар акциясын парламенттин жанында улантып жатышат. Алардын айрымдарын полиция сабап, кармап кеткени кабарланууда. Митингчилер бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын депутаттарын көргөндө «Кулдар! Кулдар!» деп кыйкырып жатышты.

Полиция бүгүн 20 кишини кармап кеткени, алардын бири Орусиянын, экөө АКШнын жараны экенин Тбилисинин ички иштер башкармалыгы маалымдалы.

Мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына добушка 14-майда коюлганы жатат.

Орусиянын оппозицияны жана сөз эркиндигин чектеген "чет элдик агент" мыйзамына окшош деп сынга кабылып жаткан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген, азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялы" сунуштоодо.

Оппозиция ага каршы чыгып, дээрлик бир айдан бери борбор калаа Тбилисиде он миңдеген киши катышкан митингдерди уюштуруууда. Бийлик аларга каршы антимитинг уюштурган, анын катышуучуларын аймактардан атайын кичи автобустар менен ташып барганы тууралуу видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Митингчилер менен полиция да бир нече жолу кагылышып, аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка химиялык зат чачып, суу бүркүүчү автомашиналарды колдонгон. (RK)

XS
SM
MD
LG