Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Жыл башынан бери төрт миңден ашуун адам "Социалдык келишимге" арыз берди


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда жыл башынан бери "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында жардам алуу үчүн өкмөткө 4257 миңден ашуун адам кайрылды. Бул тууралуу 13-майда Жогорку Кеңештеги жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

Депутат Камила Талиева бул долбоордун алкагында каражат алган үй-бүлөлөр аны канчалык максаттуу колдонуп жатканын көзөмөлгө алууну сунуштады.

Полотова каражат алгандардын 37% киреше таап жатканын белгилеп, сегиз миңден көбүрөөк үй-бүлө бизнес-план жана финансылык сабаттуулук боюнча окуудан өткөнүн айтты.

"Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып жатат.

Долбоордун катышуучусу "үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Анын ордуна 100 миң сомдук сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алуу үчүн өтүнмө берүүгө укуктуу.

Расмий маалыматка ылайык, эки жылдан бери 12023 жаран "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган.

Жыл башында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 млрд сом бөлүү, анын алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү каралып жатканын билдирди. Өкмөт каражатты 200 миң сомго чейин көтөрүү планы бар экенин маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG