Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

УКМК жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1-1,5 млн сомду түзөт.

"Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот. Ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт. Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча коррупциялык схема уюштурушкан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ушундай жол менен 3000ден ашык жүк ташуучу унаалар катталган.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иштин алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар делип беш адам кармалганын кабарлады. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ушундай фактыларга башка кызмат адамдардын тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик “Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында былтыр сентябрда түзүлгөн. Агенттик Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептерин ачып, машиненин түрлөрүн айдоону окутуп үйрөтөрү айтылган.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG