Орусияда көп кабат үйдүн бир бөлүгү ураган жерде каза болгондордун саны 13-майга карата 15ке жеткенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, каза тапкандардын экөө балдар, дүйшөмбү күнү уранды алдынан дагы бир кишинин сөөгүн алып чыгышты.
Министрлик уранды астында калгандарды издөө, тазалоо аяктаганын, 17 кишини аман алып калышканын билдирди.
Окуя жекшемби күнү Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород шаарындагы кабат үйлөрдүн биринде болгон. Ортоңку подъезддердин бири толук урап түшкөн.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков подъезд «түз тийген снаряддын» айынан ураганын айткан. Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери Белгород облусун "Точка-У" тактикалык ракеталык комплексинен жана Жапыр аткылоочу реактивдүү системадан (РСЗО) аткылашканын, ракеталар жана снаряддар атып түшүрүлгөнүн, "атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин фрагментинен Белгород шаарындагы турак үй жабыркаганын" маалымдаган.
Украина комментарий бере элек.
Көз каранды эмес талдоочулар жарылуу үйдүн «орус тарабында» болгонун жазып жатышат.
Белгород облусунда адам өмүрүнө алып келген түрдүү чабуулдар жана окуялар буга чейин да катталган. (RK)