Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Кыргызстандык эки спортчуга Париж олимпиадасына жолдомо берилди


Сардана Трофимова жана Илья Тяпкин.
Сардана Трофимова жана Илья Тяпкин.

Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму кыргызстандык эки жөө күлүк - Илья Тяпкин менен Сардана Трофимовага Париж олимпиадасына квота иретинде жолдомо берди. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму 12-майда Париж олимп оюндарына норматив толтуруп, жолдомо уткан спортчулардын акыркы тизмесин жарыялады.

Марафондук жарышка олимпиадага жолдомо берилчү норматив эркектер үчүн 2 саат 8 мүнөт 10 секунданы, аялдар үчүн 2 саат 26 мүнөт 50 секунданы түзөт. Кыргызстандык жеңил атлеттердин бири да бул көрсөткүчтү аткара алган эмес. Universality Places системасы боюнча олимпиадага бир да жолдо ута албай калган өлкөлөр үчүн квота берилет. Мында квота берилчү өлкө жеңил атлетиканын 100 метр, 800 метр же марафон боюнча жарыштардын бирине гана квота ала алат.

Илья Тяпкин 2016-жылы Риодо өткөн олимп оюндарында марафондон жарышка катышкан.

Сардана Трофимова - теги якутиялык, орусиялык атлет, 35 жашта, былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган. 2023-жылы Кытайда өткөн XIX Азия оюндарында марафондон коло медал уткан.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 13 лицензия бар.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов Олимпиадага катышууга жолдомо утуп алышкан. (GT)

XS
SM
MD
LG