ИИМ жол кырсыктарынын 92% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирди

Быйыл 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өлкөдө жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.

Мекеме айдоочулар автоунааны каттуу ылдамдыкта айдагандан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, мас болуп машина айдагандан, кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербегендиктен кырсык көп катталып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Путин коргоо министри Шойгуну алмаштырууну чечти Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган митинг уландыБишкек-Ош жолуна таш кулап, автоунаа кыймылына чектөө киргизилдиСырский Харьков аймагында кырдаал курч экенин айттыЕревандагы митингде кеминде 48 киши кармалдыОоганстандагы сел 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алдыИзраил Газанын бир нече аймагына сокку урду