Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган митинг уланды


Еревандагы митинг, 12-май 2024-жыл.
Еревандагы митинг, 12-май 2024-жыл.

Жекшембинин кечинде Армениянын баш калаасы Еревандагы Республика аянтына премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган жана Азербайжан менен чек ара макулдашуусунун долбооруна нааразылык билдирген жүздөгөн адам чогулду. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары чек ара маселесин Алматы декларациясы аркылуу чечүү “мыйзамсыз” экенин айтышты. Бул декларацияда мурдагы советтик республикалардын СССР ыдырагандан кийинки чек арасын сактоо тууралуу сөз болот.

Архиепископ Баграт Галстанян баштаган бул митингдер Ереванда бир нече күндөн бери уланууда. Бир күн мурдагы акцияда кеминде 48 киши кармалганын Армениянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Ереван менен Бакунун ортосундагы чек арага байланыштуу болжолдуу мунасага ылайык, Армения 1990-жылдардын башынан бери көзөмөлдөп келген төрт айылды Азербайжанга өткөрүп бериши керек.

Премьер-министр Пашинян мындай мунаса Армениянын узактан берки каршылашы - Азербайжандын аскердик агрессиясын алдын алуу үчүн зарыл экенин белгилеп келет.

Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги кубаттаган. Армян оппозициясы өкмөт башчыны аталган айылдардан эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

Пашиняндын тарапкерлери Галстанянды "Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштейт" деп күнөөлөгөн. Бирок ал үчүн эч кандай далилдерди келтиришкен эмес.

XS
SM
MD
LG