Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Бишкек-Ош жолуна таш кулап, автоунаа кыймылына чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынан анча алыс эмес бөлүгү, 12-май 2024-жыл.
Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынан анча алыс эмес бөлүгү, 12-май 2024-жыл.

Жекшемби күнү болжол менен 17:40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 410-чакырымында тоо боорунан чоң таштар кулап, жолду жаап калганына байланыштуу автоунаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарынын Туннел посттунан тартып, Таш-Көмүр шаарчасына чейинки (447-495-чакырымдар) аралыгында автоунаалар убактылуу топтоп турат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын, каттам калыбына келгенде кошумча маалымат берилерин белгиледи. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон жолду чоң таштар тосуп калганын, эки тарапта автоунаалардын тыгыны пайда болгонун, айдоочулар жана жүргүнчүлөр таштарды жылдырып жатканын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG