Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Еревандагы митингде кеминде 48 киши кармалды


Арменияда архиепископ Баграт Галстанян жетектеген митингдер бир нече күндөн бери уланууда.
Арменияда архиепископ Баграт Галстанян жетектеген митингдер бир нече күндөн бери уланууда.

Ишемби күнү Армениянын баш калаасы Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган митингдерде кеминде 48 киши кармалды. Бул тууралуу Армениянын Ички иштер министрлиги билдирди.

11-майда митингдин лидери, архиепископ Баграт Галстанян өз тарапкерлерин жолдорду бууп салууга чакырып, кезектеги ири митинг жекшембинин кечинде Еревандагы Республика аянтында өтөрүн жарыялаган.

Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдерге Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек ара макулдашуусунун долбоору себеп болду. Ереван менен Бакунун ортосундагы болжолдуу мунасага ылайык, Армения 1990-жылдардын башынан бери көзөмөлдөп келген төрт айылды Азербайжанга өткөрүп берет.

Премьер-министр Пашинян мындай мунаса Армениянын узактан бери каршылашы - Азербайжандын аскердик агрессиясын алдын алуу үчүн зарыл экенин белгилеп келет.

Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги кубаттаган. Армян оппозициясы өкмөт башчыны аталган айылдардан эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

Пашиняндын тарапкерлери Галстанянды "Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштейт" деп күнөөлөгөн. Бирок ал үчүн эч кандай далилдерди келтиришкен эмес.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG