Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Сырский Харьков аймагында кырдаал курч экенин айтты


Генерал Сырский.
Генерал Сырский.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский фронттогу кырдаалды "татаал" деп сыпаттады. Ал орус күчтөрү Украинанын аймагына дагы ичкери кирүү үчүн бир нече багыт боюнча чабуул коюп жатканын, украин тарап аларга коргонуу тилкесин жырып өтүүгө жол бербей жатканын 12-майда Телеграмга жазды.

"Бул аптада Харьковдо кырдаал кыйла курчуду. Учурда ал жакта Орусия менен чек арага жакын райондордо салгылашуулар уланууда. Абал татаал. Бирок Украинанын күчтөрү коргонуу чектерин жана позицияларды кармап туруу үчүн болгон аракетин кылып, душманга сокку уруп жатат", - деди Сырский.

Орус күчтөрү 10-майдан тарта Харьковдогу чабуулдарын күчөткөн. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түндүк-чыгышында жайгашкан бул облустагы бир нече айылга көзөмөлүн орнотконун билдирүүдө. Бирок бул маалыматты Киев ырастаган жок. Аны көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого да мүмкүн боло элек.

Чабуулдар күчөгөнүнө байланыштуу Харьковдун 4 миңден ашуун тургуну коопсуздук жерге эвакуацияланганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов жекшемби күнү маалымдады.

Айрым эксперттер Орусия Харьков аймагында аскердик аракеттерин күчөтүү менен Украинанын чек арасын бойлой "демилитаризацияланган" же "санитардык" буфердик аймак түзүүнү да максат кылып жатканын айтышууда. Мындай буфердик аймак Украинадан Орусиянын Белгород облусунда жасалган чабуулдарды азайтууга мүмкүндүк бериши мүмкүн.

Жекшемби күнү эртең менен Белгороддогу көп кабаттуу үйдүн бир ыптасы урап түштү. Орус бийлиги буга Украинаны айыптап, имаратка "снаряд түз тийгенин" билдирүүдө. Орусиядагы маалымат каражаттары бул окуяда бир нече киши өлүп, кеминде 20 киши жараат алганын жазып жатышат. Белгороддогу болжолдуу чабуул тууралуу Киев комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG