Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Путин коргоо министри Шойгуну алмаштырууну чечти


Владимир Путин жана Сергей Шойгу.
Владимир Путин жана Сергей Шойгу.

Орусиянын президенти Владимир Путин узак жылдан бери коргоо министри болуп иштеп келген Сергей Шойгунун ордуна Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштады.

Орус мамлекеттик медиасы жазгандай, Путин кызматтан алынган Шойгуну Николай Патрушевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады.

Путин 7-майда бешинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин өкмөттү отставкага кетирген. Андан бери бардык өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин убактылуу аткарып жатышкан.

Мыйзамга ылайык, Орусиянын күч түзүмдөрүн тескеген министрлердин талапкерлигин өкмөт башчы эмес, президент сунуштайт. Алардын талапкерлигине Мамлекеттик дума эмес, Федерация кеңеши макулдук берет.

68 жаштагы Сергей Шойгу 2012-жылдан бери коргоо министри болуп иштеп келген. Ал Путиндин ишенимдүү адамдарынын бири катары сыпатталып жүрөт. Бирок соңку мезгилде Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядагы кремлчил күчтөрдүн жана пропагандачылардын арасында Шойгунун дарегине сын айткандар көбөйгөн.

Анын ордун баса турган Белоусов Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

XS
SM
MD
LG