Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын борбору Москва шаарында курулуштагы калайман мушташка катышкан мигранттардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, 14-апрелде Москвадагы “Метроном” курулуш объектисинде өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар курулуш материалын талашып уруша кетишкен. Алар эки жаат болуп бири-бирине таш ыргытып, 20 адам милицияга жеткирилген. Мушташтан эч ким катуу жаракат алган эмес.
“Крокус Ситидеги” кандуу калабадан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарды текшерүү күчөдү.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Анын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда.
Болжол менен дагы ушунча кыргызстандык адам орус жарандыгын алган деп эсептелет. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов бир айга камалдыБУУ сотунда Азербайжан менен Армения ишин кароо уландыОрусияда сел каптаган аймактагы дарыяда суу деңгээли кооптуу чектен 1,3 метр аштыОрусияда Тобол дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен ашты УКМК эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалганын билдирдиУкраина Орусиянын чабуулдарынан бир нече кишинин өмүрү кыйылганын билдирдиГутерриш Жакынкы Чыгыш маселесинде сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды