Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Орусияда Тобол дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен ашты


Тобол дарыясынан каптаган суу.
Тобол дарыясынан каптаган суу.

Орусияда Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын, кооптуу аймактардан дээрлик 13 миң киши эвакуация болгонун бүгүн 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Тобол дарыясында суунун деңгээли бүгүн дээрлик 6,5 метрге жеткени, 6 метрден ашса жээктеги аймактарды суу каптай турганы белгиленди.

Курган облусунда өзгөчө кырдаал режими 8-апрелде жарыяланган.

Томск облусунун Томск районунда, Бурятиянын Иволга районунда да суу каптоо коркунучунан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.

Орусияда Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жетти. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал көзөмөлдө экенин айтууда.

Урал дарыясында 11-апрелде суунун деңгээли 10,6 метрге жеткени, бул кооптуу чектен 1,3 метрге жогору экени айтылган. Дамба жырылып, селдин айынан Орск шаарын суу каптаган. Жергиликтүү 7800 киши эвакуацияланган. Орскинин тургундары суу каптаган аймактарда талап-тоноо болуп жатканын, мунун айынан алар үй-мүлкүн таштап, коопсуз жактарга кете албай турганын айтып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG