Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Орусияда сел каптаган аймактагы дарыяда суу деңгээли кооптуу чектен 1,3 метр ашты


Оренбург. 2024-жылдын 10-апрели.
Оренбург. 2024-жылдын 10-апрели.

Орусияда Оренбург облусунун суу каптаган райондорунда абал дале оор экенин 11-апрелде жергиликтүү администрация билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Урал дарыясында бүгүнкү күндө суунун деңгээли 10,6 метрге жетти, бул кооптуу чектен 1,3 метрге жогору. Суу дагы эле көтөрүлүүдө.

Дамбанын жырылышынан жана селдин айынан суу каптаган Орск шаарында суунун деңгээли төмөндөй баштаганы, азыр 8,6 метрди түзүп турганы, аймакта дээрлик 12 миң үйдү жана короо жайды, көрүстөндү суу каптаганы кабарланды.

Жергиликтүү 7800 киши эвакуацияланды, алардын 1,5 миңге жакыны убактылуу жайларга жайгаштырылды. 175 адам медициналык жардам сурап кайрылды.

Облус бийлиги суунун деңгээли дагы жогорулап, 3,5 миңдей үйдү, федералдык маанидеги автожолдорду капташы ыктымал экенин эскертип, азыркы тапта жол кыймылында чектөө жок экенин билдирди.

Орусиянын курулуш министри Ирек Файзуллин Орскидеги дамбанын жырылышына жээгиндеги топурак тосмонун урашы себеп болгонун, бул объектини курган компаниянын жетекчисинин кемиргич жаныбарлар себепкер деген версиясы боюнча да териштирүү журүп жатканын айткан. Жергиликтүү тургундар окуяга бийликтин шалаакылыгы себеп экенин айтууда.

Өткөн аптанын соңунан бери Оренбург облусун мурда болуп көрбөгөндөй сел каптап жатат. Жекшемби күнү өкмөттүк комиссия аймактагы абалды федералдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал деп баалаган.

Эң көп зыян тарткан шаар Орск болууда. 5-апрелдин кечинде ал жерде Урал суусу дамбаны жырып өтүп, жээктеги райондорду каптаган. Эртеси күнү дагы бир дамба бузулган.

Орскинин тургундары суу каптаган аймактарда талап-тоноо болуп жатканын, мунун айынан алар үй-мүлкүн таштап, коопсуз жактарга кете албай турганын айтып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG