Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

УКМК эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалганын билдирди


УКМКнын имараты. Бишкек
УКМКнын имараты. Бишкек

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук бюросу менен чогуу жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында чет элдик аял кармалганын билдирди.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, ал өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол тарабынан изделип жаткан.

Шектүү өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды бул өлкөлөрдө жайгаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу экени кабарланды.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мекеменин маалыматында шектүү кайсы өлкөнүн жараны экени жазылган эмес.

Коопсуздук кызматы мурдараак Бишкек шаарында Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталганын билдирген.

Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандын 64ү виза мөөнөтү өтүп кеткени жана каттоосу жок жүргөнү үчүн мекенине депортацияланары кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG