Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

БУУ сотунда Азербайжан менен Армения ишин кароо уланды


БУУнун эл аралык сотундагы отурум. Архивдик сурөт.
БУУнун эл аралык сотундагы отурум. Архивдик сурөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотунда бүгүн 15-апрелде Азербайжан менен Армениянын ортосундагы бирин бири «этникалык тазалоого» айыптаган иш боюнча отурум уланды. Процесс эки өлкө ортосунда кайрадан чыңалуу байкалган шартта башталууда.

Эки өлкөнүн адвокаттары эки апта бою эл аралык укук нормаларынын негизинде өз жүйөлөрүн келтиришет.

БУУ сотундагы бул сот процесси 2021-жылдын сентябрында башталган. Бир апта ичинде эки республика бирин бири «этникалык тазалоого», Расалык дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндөгү эл аралык конвенцияны бузууга айыптаган арыздарын беришкен.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында уюштурулган.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет.

13-февралда армян-азери чек ара тилкесинде атышуу болуп, Армения төрт аскери набыт кеткенин билдирген. Азербайжан “жазалоо операциясын” ишке ашырып, Неркин Ханддагы армяндардын чек ара бекетин “толук жок кылганын”, анткени 12-февралда армян аскерлери Азербайжандын Зангелан районундагы аскердик бекетине ок чыгарып, бир чек арачысын жараат кылганын маалымдаган. Армения Азербайжандын мындай айыптоосун «дезинформация» деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG